$ 68.35 - 68.64
€ 83.57 - 84.59

Айгүл Текебаева 2010-жылы Камчыбек Ташиев берген белекти көрсөттү

834 0



Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева 2010-жылы Камчыбек Ташиев берген белекти көрсөттү. "Өмүрбек Чиркешович үйгө 4,5 литрлик вискини көтөрүп келип калды. "Бул кайдан?" деп сурасам "Камчы үкам, туулган күнүмө белек кылып берди" деди. Бул виски ошол учурдан бери эле ичилбей үйдө турат. Үйдү жыйыштырган сайын "Камчы берген" деп эстеп коёбуз", - деди Текебаева.

Кечээ, 13-август күнү интернетке Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин үнүнө окшош адамдардын Өмүрбек Текебаевдин сотундагы көрсөтмөлөр тууралуу чай үстүндө сүйлөшүүсү жазылган аудио тараган. Анда Ташиевдин үнүнө окшош адамдын "Мага кат жазып жибериптир. "Камчы үка, 22синде билесиң да, менин туулган күнүм болгон. Сенин эсиңдеби?" дейт, "келип мени куттуктап, бир вино берген элең 23дө" деп. Эсимде жок, ай, вино бергенимди, куттуктаганымды, мен никогда аны куттуктаган эмесмин туулган күнү менен" деп айтканын угууга болот.

Текебаев болсо бүгүнкү сотто "Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү" делген аудио жазуу боюнча комментарий берип, ал аудио монтаж болушу мүмкүн экенин айтты.


Булак: Супер

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->