$ 69.24 - 69.50
€ 80.50 - 81.40

КӨПЧҮЛҮКТҮН КӨӨНҮНДӨГҮ БЕКМАМАТ ОСМОНОВ (Даректүү тасма)

1575 2


Мамлекеттик жана коомдук ишмер Бекмамат Осмоновдун арабыздан кеткенине быйыл туптуура 20 жыл (1997-жылдын 28-октябрында каза болгон) толуп олтурат.
Эр ортону элүүдөн жаңы ашып, зоболосу өр тартып, ооматы жүрүп турган Б.Осмонов эл үчүн жасаган иши, эр мүнөзү менен караламан калктын эсинде калды. Эр көкүрөк, бүркүт кабак, алп денелүү Бекмаматты жакындан таанып билгендер, аны менен кайсы бир мезгилдерде иштешип калгандар анын көзү ачык, көкүрөгү тунук жетекчи жана саясатчы болгонун эскерип жатышат.
Албетте, Б.Осмоновдун өмүрү кыска болду. Бирок анын экинчи өмүрү, тагыраак айтканда, эл арасында калган жаркын элестер менен эскерүүлөр узак жана байсал жолду басып өтөөрүндө шек жок.
Бүгүнкү күндө көпчүлүктү эки нерсе өкүндүрүп тургандай. Биринчиси, кыргыз элинин тарыхында, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө өз орду бар Б.Осмоновдун эмгектери мамлекет тарабынан калыс бааланбай жаткандыгы; Экинчиси, Бекмамат Осмоновго тиешелүү болгон ЭЛДҮҮЛҮК мүнөздүн бүгүнкү саясатчыларга жетишпей тургандыгы;
Албетте, маркум Бекмамат Осмоновдун өз учурунда кыргыз эли үчүн жасап кеткен эмгектери мамлекет тарабынан бааланып, көзү өткөндөн кийин болсо да тиешелүү урмат-сыйга татыса туура болот эле. Муну мамлекеттик жетекчилер эске алат деген изги үмүттөбүз. Ал эми экинчи өксүк (элдүүлүк мүнөз) качан жоюлар экен...
Назарыңыздарга айтылуу журналист Нышанбек Кочкоровдун Бекмамат Осмонов жөнүндөгү даректүү тасмасын сунуштайбыз:




KYRGYZTIMES.KG

Комментарии пользователей (2)

Ваш аватар
  



Фото юзера Ырысбек
Ырысбек 02.08.2017


Бекмамат Осмонов оз доорунун баатыры... Чыгаан инсан. Кыргыз учун Бекмаматтай патриот адам жаралабы..,? Жаралса, качан...?
Фото юзера Акматалы
Акматалы 16.11.2017


Эл менен иштешкенди билген, улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле кылган адам эле!

-->