20 жаштагы кыз унаа менен сүзүп кеткен адам КТРКнын кызматкери болгон

818 0

20 жаштагы кыз унаа менен сүзүп кеткен адам КТРКнын кызматкери болгон

20 жаштагы кыз унаа менен сүзүп кеткен адам КТРКнын кызматкери болгон

Курманжан Датка көчөсүндө унаа сүзүп кетип каза тапкан жөө жүргүнчү КТРКнын кызматкери экени белгилүү болду

21-июнда Курманжан Датка көчөсүндө унаа сүзүп кетип каза тапкан жөө жүргүнчү КТРКнын кызматкери экени белгилүү болду. Бул тууралуу телеканалдын башкы директору Илим Карыпбеков билдирди.

Эскертке кетсек, кечээ саат 8дерде Курманжан Датка көчөсүндө 20 жаштагы кыз жөө жүргүнчүнү унаа менен койдуруп алып, жаракат алган киши кырсык болгон жерде көз жумган. "Хонда" унаасынын айдоочусу шашып келе жаткандыктан жөө жүргүнчүнү байкабай калганын айткан.

"Тилекке каршы, бул биздин кызматкери болчу. Акользин Александр Юрьевич 1961-жылы 1-июлда туулган, 2-категориядагы инженер 19 жылдан бери КТРКда эмгектенген. Сүрөткө кечээ түштү тыныгуунун маалында Александр Юрьевич түшкөн экен. Бул анын акыркы сүрөтү болду",-дейт Карыпбеков.


Булак: kabarordo

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->