$ 68.35 - 68.64
€ 83.57 - 84.59

БАРДЫК БАШТАЛЫШ – АДАМ МЕНЕН (Пикир)

641 2

Бишкектеги “Улуу тоолор” басмасынан 2016-жылы акын Фатима Абдалованын “Жолдо бастым ойлонуп” аттуу 36 басма табак көлөмүндөгү ыр жыйнагы жарыкка чыкты. Китебин минтип – көп нерсеге баам сала алган, адам тагдырларына кайдыгер карай албаган жана жашоо, дүйнө, табият, адам жан дүйнөлөрү тууралуу терең ой жүгүртө алган акын гана атай алмак. Китепте – деңизге куйган сансыз дарыялардай болуп, нечендеген адам тагдырларын артынган Жер планети алып учат... Мен Фатима Абдалованын аталган китебинде жаткан – канча бир адам тагдырларын, алардын кубаныч-кайгыларын, араздашууларын, бири-бирине таптакыр карама-каршы мүнөздөгү адамдардын каршылашууларын – автордун нравалык асыл-наркка басым коюу менен чагылдырышынан алган таасирлерим менен бөлүшкүм келип турат. Айрыкча акындын “Акын-Кыргыз”, “Аалам сыры сандардабы?”, “Адам-аалам”, “Апокалипсис”, ”Бейтосундар”, “Эски дептер” поэмалары жана “Аалам”, “О, бу дүйнө”, “Жаз келди”, “Жүрөк – борбор Көк менен байланышкан”, “Арстанбап жаңак токой”, “Миллиардер”, “Булут-киши”, “Жүрөгүңдө бир үзүм жарык барбы?”, “Эне жолборс”, “Дондогу салгылашуу”, “БУО берген коңгуроо”, “Кептин баары – адамдын ойлорунда”, “Жоголгон балдар”, “Китебиң аты “Эсимде” аттуу ж.б. ырлары курч сюжеттеги чыгармалар экенине китепти толук окуп чыккан окурман ынанат.


Адабияттын – абалтан эки жолу бар. Биринчилери – акын үчүн жогорку билимдүү, дипломдуу болуу жетиштүү деп эсептегендер. Экинчилери – баштан кечирген канча бир от-суу кечкен сыноолорго, табият, дүйнө, өмүр-өлүм тууралуу ой жүгүртүүлөргө, толгонууларга негизденет. Мына ушул ой жүгүртүүдөн, толгонуудан – талант келип чыгат. Ошол эле учурда талантсыз – ой жүгүртүү да, толгонуу да мүмкүн эмес. Ал эми таланттуу болууга – билимдүүлүк, диплом, жашоодон алган тажрыйбалар да жардам бере албайт. Андыктан, ким поэзияда өзүн сынагысы келсе, Ата журтуңда сага чейин Аалы Токомбаев, Жоомарт Бөкөмбаев, Алыкул Осмонов, Чыңгыз Айтматов, Жалил Садыков, Турар Кожомбердиев, Жолон Мамытовдор кандай жашап, кандай жазып кеткенин эсиңе тут. Эсиңе тут да, сенин алар турган катардан орун алууга дараметиң жетеби, ошол жөнүндө ойлон...

Баамыбызда каарманыбыз Фатима Абдалова экинчи жол жөнүндө кийинчерээк ойлонуп баштады. Университеттин филология факультетинде окуп жүргөн студент курагында, алгачкы эмгек жолун баштаган жылдарда бул түйшүктүү жол жөнүндө ойлонбогону айдан ачык. Анан калса поэзиянын өз бүтүмү бар: поэзияны – биз тандабай, поэзия өзү – бизди тандап алат. Бул кубулуш качан, кантип пайда болот, аны эч ким билбейт. Балким поэзия Фатима Абдаловага – тек гана ал жазбай коюуга таптакыр мүмкүн болбогон курч драмалык окуяларга кабылганда, аларды жүрөгүнөн өткөргөндө, алар тууралуу ой тегереткенде – ичте уктап жаткан талант көз ачып, колу калемге тартылганда келгендир. Балким ушинтип, а балким дагы бир башка жол менен. Башкысы – жашоодогу канча бир ар кандай көрүнүштөр акындын жан дүйнөсүндө жашап жүрүп, сезим “кыртышынан” ажайып ырларга, поэмаларга айланып чыкканы талашсыз.

Фатима Абдалованын бардык чыгармалары чыныгы турмуштан, адам тагдырларынан алынган. Ошондон улам ал бир ырын “Ойдон чыгарылбаган ырлар” деп бекер атабаган чыгар. Ойдон чыгарылбаганы ойдон чыгарылбаган деңизчи, бирок, турмушта болуп жаткан ал окуялардын чыныгылыгына таянуу менен, сүрөткер өз ырларында ал окуяларды поэзиянын тилинде дагы да байытып, поэзияда жашап калуу деңгээлине жеткире алган. Башкача айтканда, жашоодо болуп жаткан көрүнүштөр акындын калеминен көркөм түс алып, позиянын тилинде кайра жаралып, бизге – окурмандарга, жогорку эмоционалдык күч менен таасир этип жатат.

Сынчылар адатта тигил же бул автордун калемине дароо эле бийик эпитеттерди бере салууга өтө эле кенендик кылып жиберишет. Эгер бир автордун таасирлүү пейзаждык сүрөттөмөсүн байкап калса, дароо эле ал автордун калемине эң бийик бааны ыйгарып, “чебер” деп атай салууга шашышат. Экинчилери – кайсы бир автордун, башка калемдештеринин чыгармаларында кездешпеген чакан бир өзгөчөлүгүн эле көрүп калса, ал да чебер болуп чыга келет. Ал эми үчүнчүлөрү – ойкуштатып, башаламан чалды-куйду жазылган чыгарманы “чебер” гана демек турсун, новатор деп аташат. А менин оюмда, жөнөкөй эле сөз тутумдарынан кадыресе көз алдыга тартылган каармандардын өздөрүнө гана тиешелүү мүнөздөрүнөн, элестеринен өз учурунун, доорунун, доор деп балким анчалык аша чаап кетсек, ээ-жаа бербей учуп аткан күндөрдүн күрөө тамырын ак баракка жандуу түшүрө алган акын же жазуучу чебер болмокчу.

Фатима Абдаловада, кооз сөздөрдүн артына жашынган “көрүп алгыла, мына мен кандай жазам” деген сокур мактаныч менен окурманды таң калтыруу аракети жок. Анын баяндоолору жөнөкөй, табигый. Мына ошол жөнөкөйлүк – чыныгы чеберчилик эмеспи. А чынында, ошол жөнөкөйлүктө – биздин көзүбүзгө көрүнбөгөн акындын канча бир ички толгонуулары, түйшүктөрү жатат. Ошол табигыйлык, сөз менен ойдун ширендиси – чыныгы поэзия болуп жүрбөсүн?

Ырларын, поэмаларын ой менен ширетүү чеберчилиги, акын Фатима Абдаловага азыр эле келе калган жок. Ал калем кармагандан бери, акырындап отуруп калемин ой менен курчутуу талабына жетишип алды. Ошентип, “Жолдо бастым ойлонуп” китебиндеги, Адабиятка салым кошууга жараган “Аалам сыры сандардабы?” деп аталган эң мыкты философиялык поэмасында диалектика менен кыймыл, сөз менен ойдун эң чебер ширендиси, жашоо менен жаратылыштын деми, психологиялык көшөрө изденүүчүлүк, ойдун тереңдигине умтулуу – баары чогуу бир демде ишке ашкан. Поэмадан мисал тарталы:

Сандар кантип, кандай болуп жаралган…
Ооба, Сандын башталмагы АЛЛАдан.
Бүт болгонду – өлчөп турган сандарда,
Бир сыр бардай бүт Ааламды кармаган…
Сандын өзү сансыз кеткен тирүүлүк…
Санда жатат чексиздик да күнүмдүк…
Сандар чечип мезгил, адам тагдырын,
Сандар менен жаралып да бүлүнүп…
Сандар жөндөп кемитүүнү, кошууну,
Сандар бийлеп жоготууну, толууну…
Сан – Ааламды кыймылдатып тургандай,
Сандар балким Ай-Ааламдын Кодубу…
Нөлдөн тартып триллиардга чейинки,
Бүт сандардын сыры бардай бекинки…
Биз билбейбиз, мезгил-сааты келгенде,
Билгизбестен чечет сандар чечимди…

«Аалам сыры сандардабы» ой толгоосу – акындын эмоционалдык ички толгонууларынын чагылышы.
Акындын чыгармаларынын башкы каармандары – Адамзат тарыхындагы асыл Адамдар. Алар: пайгамбарлар Иса, Мухаммед. Эр Манас, Барсбек, Кетбука.Жусуп Мамай, Осмоналы Сыдыков, Чыңгыз Айтматов. Алардын басып өткөн жолдору, калтырган осуяттары – келаткан ар бир муунга өрнөк.

Жыйнактагы «Адам-аалам», «Бейтосундар» поэмаларында акын космос мейкиндигин, Улуу Жаратуучу АЛЛА Тааланын чексиз кудуретин, Бейтосундар – чоочундар (НЛО-БУО – белгисиз учуучу обьект) ааламын поэзиянын тилинде тартууга аракеттенген. Чыгармадагы Жер адамы менен башка планеталыктын достугу, башка ааламдын табышмактуулугу, сырдуулугу аркылуу акын – гумандуулуктун ааламдык алкагына үмүт таштайт. Абдалованын ойлонуулары боюнча – 21-кылымда уфологиянын өсүп-өнүгүүсү менен космостук байланыш системинен өз ордун табуу – Адамзаттын башкы милдети. Абдалованын акындык туюму кандай өткүр. Ал туюм теоретиктердин илимий бүтүмдөрүнө караганда кыйла терең.

«Апокалипсис» поэмасындагы бүгүнкү күндө Сирияда болуп жаткан апааттан алынган «Жети жүздөн… бирөө гана тирүү калды» аттуу ыр кыргындагы алааматты көз алдыга кадимкидей тартат. Бул ыр өтө курч жазылып, көбүрөөк детектив чыгармадай көрүнөт. Анткен менен бул жерде башкы тема – саясий интригалар эмес. Башкы тема – адам өмүрүнүн кымбаттыгы, ошол эң кымбат өмүрдүн үстүнөн ойноп аткан шайтандын кыянаттыгы…
Фатима Абдалованын атасы Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу болгонун биз анын «Эски дептер» поэмасын окугандан кийин билдик. Бул поэманы жазуу менен акын көбүрөөк согуштун ошол апаат күндөрү жаштардын, келечек муундардын эч качан эсинен чыкпасына ишеним байлайт:


Эски дептер, Атамдын колу жазган…
Эски дептер, Атамдын жолу жаткан…
Үлгү тутуп чындыкты, калыстыкты,
Эски дептер, атамдын ою жаткан…
О, Тууган жер, Атакем жолго чыккан,
Кайда болсун карааның колдоп турган…
Бүгүн болсо бейити коюнуңда,
Бейпилдикте шамалың ойноп турган…
Эски дептер, Атамдын эски дептер,
Өмүр бир күн менден да өтүп кетер.
Менден калган ырлардын барагында,
Атакемдин элеси жашай берер…

Акындын ырдап тургандай ыргактары ысык тамчыдай болуп жүрөгүңө таамп турат. Жүрөгүңдү жылытат, козгойт. Ошол эле учурда жүрөгүңдү не бир түпөйүлдөргө салат. Акындын «Апокалипсис» поэмасындагы «Жоголгон балдар» деп аталган ырын эч бирокурман бейкапар окуй албайт. Окуп болуп, сөзсүз балдар жөнүндө ойлонот, балдар жоголбосо экен, адашып калышса жакшы адамдар жолукса экен деп тилек кылат. Сириядагы апаатта 2 жыл мурдагы маалымат боюнча он миңден ашуун бала дайынсыз жоголгон. Ырдан үзүндү келтирели:

Жоголгон Балдар… кайда алар…
Учурду кандай шамалдар…
Кандай бир күндө калышты,
Жолукту кандай адамдар…
Жолуксун жакшы адамдар,
Жолукпай калсын жамандар.


Сириянын байыркы ыйык Пальмира шаары бүгүн ИГИЛдер тарабынан талоонго учурап, канча үй-бүлөлөр туш келди чачырап кетти… Жетим-жесирлердин катары өстү. Алааматтар болуп жатат. Акын алыскы Сирия жергесинде болуп жаткан алааматтарды жүрөк сыртында калтыра алган эмес. ИГИЛдер – шайтан адамдардан турган дүйнөлүк чоң уюмдун алдында иштеп жаткан топ. Ыйык китептерде алар жөнүндө да эскертүүлөр бар. Акын бүгүнкү күндө болуп жаткан көп окуяларды байыркы Ыйык китептерде, Куранда жазылган аят-хадистер менен салыштырат, Ыйык китептердеги осуяттарда эскертилген айрым окуялар бүгүн Жер тагдырында – так эскертилгендегидей кайталанып жатканын мисал тартат. Негизи «Апокалипсис» поэмасы – «Жан дүйнө», «Темир дүйнө» жана «Акыр заман» бөлүмдөрүнөн турган, дүйнөлүк көп проблемаларды көтөргөн кыйла татаал чыгарма. Ак күчтөр менен кара күчтөрдүн атам замандан келаткан бүтпөгөн күрөшү, акыйкатсыздык, таш боордук, ыймансыздык, митайымдык, куулук – Акыйкатты туу туткан ыймандуу, боорукер ак ниет адамдар тарабынан айыпталып, күрөш уланууда.

Бизди – Адамдарды – жаралгандан багып аткан, көз жумсак койнуна каткан Жер энеге – биз Адамдар кантип ырахмат айтсак болот? Ал – жөнөкөй эле колдон келер иш экен. Бири-бирибизге жакшылык кылып, Жер энеге ырахмат айтсак болот экен. Анткен менен бири-бирибизге жакшылык кылууга адамдар сараң экенбиз. «Канткенде Адам уулу адам болот?» деп улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Адамзатка суроо коюп кеткендей, карама-каршылыктардын, араздашуулардын, ызы-чуулардын себеби – адамдардын жакшылыкка сараңдыгында экен. Китебин «Жолдо бастымойлонуп» деп атап, акындын өмүр, тагдыр сапарында кетип баратып ойлонгон ойлору – мына ушулар. Жакшы адам тууралуу эки сабын келтирейин:


Кар жаап атат, кар жаап атат…
Бир жакшы адам узап атат…


Жакшы адамдан айрылуу, жакшы адамды жоготуу – бул анын жакындары үчүн эле эмес, бардык жакшы адамдар, бардык жакшылыктар, дегеле тирүүлүк үчүн, табият үчүн да чоң жоготуу.
Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, Фатима Абдалова – өтө сезимтал, чыныгы чоң талант экенин тартынбай айткым келет. Табиятында улунуп-жулунуу жок, тартынчагыраак акын айымдын чыгармаларын окурман журту көбүрөөк окуса деген сунушумду айтаар элем.

Калыс ИШИМКАНОВ – философия
илимдеринин кандидаты, сынчы-публицист

Комментарии пользователей (2)

Ваш аватар
  



Фото юзера Аздек
Аздек 27.07.2017


Кыргыз эли, Фатимадай акын кыздары менен сыймыктанат
Фото юзера Abdullal
Abdullal 22.12.2017


http://verteamsvime.blog.free.fr/index.php?post/2017/12/20/Applications-of-Lipa
ses-as-Biocatalysts-download-epub Applications of Lipases as Biocatalysts

-->