$ 68.16 - 68.33
€ 78.60 - 79.45

Күрөш боюнча Дүйнөнүн рейтингинде Айсулуу Тыныбекова 3-орунда турат

640 0

Күрөш боюнча Дүйнөнүн рейтингинде Айсулуу Тыныбекова 3-орунда турат


Дүйнөлүк күрөш бирикмеси (UWW) 2017-жылдын эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча балбандардын жаңы рейтингин жарыялады. Аталган рейтингге Кыргыз өлкөсүнүн ­­3 балбаны кирген.

Айсулуу Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмак категориясында дүйнөнүн мыкты балбандарынын арасында 3-орунда турат.

58 килограммга чейинки салмак категориясы. Алдынкы бешилтик:

Каори Итё (Япония) – "Рио" олимпиадасынын жеңүүчүсү;
Марва Амри (Тунис) – Африка чемпиондугунун жеңүүчүсү;
Айсулуу Тыныбекова (Кыргыз Республикасы) - Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү;
Валерия Коблова-Жолобова (Орусия) – “Klippan Open” мелдешинин жеңүүчүсү;
Сакши Малик (Индия) – Азия чемпиондугунун күмүш медалынын ээси.


Ал эми эркектер арасындагы эркин күрөш боюнча рейтингде, 2016-жылы өткөн Дүйнө чемпиондугунда 70 килограммга чейинки салмак категориясында коло медалды ээлеген Эламан Догдурбек уулу дүйнөнүн мыкты балбандарынын арасында 11-орунда турат. Ошондой эле Азия чемпиондугунун 74 килограммга чейинки салмак категориясында күмүш медалынын ээси Муслим Евлаев 8-орунда турат.

Эске салсак, аталган бирикменин мурунку рейтинги боюнча Айсулуу Тыныбекова 5-орунда турган.


Булак: super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->