$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Сүйүнчү! Дарья Маслова Азия чемпионатында дагы бир алтын утту

431 0

Сүйүнчү! Дарья Маслова Азия чемпионатында дагы бир алтын утту


Ошол эле күнү эркектер арасында 10 чакырымда күч сынашкан Адилет Кыштакбеков марага үчүнчү келип, коло медаль тагынды.

Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Азия биринчилигинде дагы бир алтын тагынды. Бул тууралуу өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясынын билдиришти.

9-июлда Индиянын Бхубанешвар шаарындагы өтүп жаткан Азия биринчилигинде кыз-келиндер 10 чакырым аралыкка чуркаган. Анда кыргызстандык Дарья Маслова индиялык жана япониялык төрт жөө күлүктү артка калтырып марага биринчи келди.
Мекендешибиз бул аралыкты 32 мүнөт 21,21 секундада чуркап өткөн.

Андан сырткары, ошол эле күнү эркектер арасында 10 чакырымда күч сынашкан Адилет Кыштакбеков марага үчүнчү келип, коло медаль тагынды.

Мелдеш Индиянын Бхубанешвар шаарында өтүүдө.

Эске сала кетсек, 7-июль күнү аталган чемпионатта Дарья Маслова 5 чакырымда чуркап алтын медалга жеткен.


Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->