$ 68.35 - 68.64
€ 83.57 - 84.59

Акын Алмаш Чойбекова дүйнө салды

3413 3

Акын Алмаш Чойбекова дүйнө салды


Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын Алмаш Чойбекова 70 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу акындын калемдештери кабарлады.

Акыркы мезгилде эки көзү азиз акын ден соолугунан улам карызга батып, үйүн алдырып, көчөдө калуу коркунучуна кептелгени айтылып жаткан.

Замандаштары Чойбекова каза болоруна жакын Сузак районундагы карылар үйүндө жашап жатканын билдиришти.

Акын эмгек жолун 1965-жылы Бишкектеги “Чолпон” бут кийим фирмасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.

1973-1975-жылдары Ош облусунун кыргыз драмтеатрында актриса, 1975-1978-жылдары Токтогул районунун Чоң-Арык айылындагы Энгельс атындагы орто мектепте пионердик тарбиячы, 1978-жылы Мамтелерадиокомитетинин штаттан тышкаркы кабарчысы болуп эмгектенген.

Биринчи “Ак булут” аттуу ырлар жыйнагы 1979-жылы жарык көргөн.

Акын Алматай Чойбекова Токтогул районундагы Кетмен-Төбө айылында 1947-жылы 8-августта төрөлгөн. 1973-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1980-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Булак: Азаттык

Комментарии пользователей (3)

Ваш аватар
  



Фото юзера рабиха алыбаева
рабиха алыбаева 07.07.2017


Алмаш Чойбекованын ачнычтуу тагдыры ар бир чыгармачыл жана аны жакшы тааныган инсандарды кайгыртпай койбойт.Акын сонун ырларды жазып өзүнүн артына өчпөз из калтырып кетти.Жаткан жери жайлуу болсун.
Фото юзера сабыр
сабыр 08.07.2017


Акыретин берсин.Аянычтуу тагдыр.
Фото юзера Кадыралы Артыков


Алмаш эженин жаткан жери жайлуу болсун. Жалган дуйнодон корбой кеткен жыргалды чын дуйнодон коруу эжеге насип болсун. Эженин музыка жыттанган ырлары кыргыздын коптогон обончу-композиторлорун керемет обондорду жазууга аргасыз кылды го чиркин. Ал обондор кыргыз эли турганда эч качан эскирбей, элибиздин жан дуйносуно азык болуп кызмат кыла берээри шексиз. Демек, Алмаш эженин да чыгармачыл омуру эч качан олбойт жана мындан ары жашай берет. Сиздин окурмандарыныз учун Сиз дайым тируусуз!

-->