$ 68.31 - 68.54
€ 80.36 - 81.20

Эки адам каза болуп, 3 жашар бала оор абалда. Токмоктогу кырсыктын чоо-жайы

1266 0

Эки адам каза болуп, 3 жашар бала оор абалда. Токмоктогу кырсыктын чоо-жайы


Жол кырсыгынан 26 жаштагы айдоочу менен 18 жаштагы жүргүнчү бала көз жумду

Токмок шаарынын жанында болгон жол кырсыгынан эки адам көз жумгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына КРдин Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Авто кырсык саат 13.00дөр чамасында катталган.

Чүй ОИИБинин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришкендей, Honda Odyssey унаасынын айдоочусу Бишкек — Токмок жолунун 43-чакырымында рулду башкара албай аласалып кеткен.

Натыйжада 26 жаштагы айдоочу менен 18 жаштагы жүрүгүнчү бала көз жумуп, беш адам жабыркады.

Алар:

Үч жашар наристе башынан жаракат алып, оор абалда райондук ооруканага жеткирилди;

*23 жаштагы жүргүнчүнүн ички органдары жана башы жабыркады;
*18 жаштагы баланын сол ийини тытылган;
*26 жаштагы жигит төшүнөн жаракат алды;
*27 жаштагы кыздын мээси чайкалып, төшү менен бети жабыркаган.

Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.


Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->