$ 68.35 - 68.64
€ 83.57 - 84.59

Октябрь райондук соту "президенттин кадыр-баркына шек келтирген" деп айыпталгандарды жалпы 21 миллион сомго жыкты

564 0

Октябрь райондук соту "президенттин кадыр-баркына шек келтирген" деп айыпталгандарды жалпы 21 миллион сомго жыкты


Октябрь райондук соту Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирген деп "Заноза" сайтын жана журналист Нарын Айыпты күнөөлүү деп таап, ар бири 3 миллиондон 6 миллион сомго чейин президенттин эсебине моралдык зыян катары төлөп берсин деген чечимин чыгарды.

Доого жыгылган журналист Нарын Айып муну менен макул эмес."Мына бүгүн сот мага коюлган айып боюнча үчүнчү ишти карап чечим чыгарды. Мага жана кесиптешиме ошондой эле "Про медиага" салынган айыптар жалпы 21 миллионду түздү. Алдыда Башкы прокуратура жазган дагы 2 доо арыз турат. Мурда кимдир бирөөгө ушундай доолор коюлса, сот кыскартып же сумманы азайтып чечим чыгарчу. Биздин иш боюнча доо арызда кандай көрсөтүлсө ошондой, үтүр, чекитине чейин өзгөртүлбөгөн чечим чыкты. Менин макаламдын бир да жеринде Атамбаевдин аты аталган эмес. Бирок президенттин намысына шек жаратты деп эле соттоп коюшту", - деди Нарын Айып.

Кошумчалай кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деген доо арыздын үчөө каралып, Атамбаевдин пайдасына чечилди. Алдыда дагы Башкы прокуратура сотко берген эки доо арыз бар.


Булак: super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->