$ 67.80 - 68.02
€ 75.51 - 76.29

Түркүктү сүзүп каза болгон айдоочу милиция кызматкери болгону аныкталды

1 082 0

Түркүктү сүзүп каза болгон айдоочу милиция кызматкери болгону аныкталды

Түркүктү сүзүп каза болгон айдоочу милиция кызматкери болгону аныкталды
Кырсыктан анын жубай менен кызы оор жаракат алган.

Бишкек шаарынын "Мадина" базары жакта түркүктү барып сүзгөн унаанын айдоочусу Бишкек ШИИБдин кызматкери болгон. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.

Кырсык, 14-июндан 15-июнга караган түнү болгон. Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу окуя болгон жерден каза тапкан.

Андан сырткары, 25 жаштагы аялдын бели сынып жана башка түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилсе, 5 жаштагы кыздын мээси чайкалып, колу-буту сыйрылып ооруканага алып келинген.

"Каза болгон айдоочу биздин кызматкер болуп чыкты. Ал жөө жүргүнчүдөн качам деп түркүктү сүзүп алган. Унаа саатына 70-80 чакырым менен бара жаткан", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары жаракат алгандар каза болгон милиция кызматкеринин жубайы менен кызы экенин ШИИБ тастыктайт.

Булак: Sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->