$ 68.31 - 68.54
€ 80.36 - 81.20

Москвада Кыргызстандык жигит турмушка чыгуудан баш тарткан кызды бычактап салган

763 0

Москвада Кыргызстандык жигит турмушка чыгуудан баш тарткан кызды бычактап салган


Москвада Кыргызстандык жигит турмушка чыгуудан баш тарткан кызды бычактап салган

Москва шаарынын борборунда официант болуп иштеген кызды күйөөгө тийүүдөн баш тартканы үчүн жигити бычактап салган.

Бул туурасында ТАСС маалымат агенттиги билдирди. Окуя ушул жылдын 22-июнь күнү болгон.

Маалыматка ылайык, окуя шаардагы кафелердин биринде болгон. Официант болуп иштеген кыздын тогуз жерине бычак сайылган.

Кыз алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Кыз менен жигит экөө социалдык тармакта таанышкан. Бала кызга баш кошуу тууралуу сунушун киргизген. Бирок кыз жакшы тааныбаган адамга турмушка чыгуудан баш тарткан.

Учурда аталган окуя боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Экөө тең кыргызстандык.

Булак: 5news.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->