$ 68.35 - 68.64
€ 83.57 - 84.59

Анжелика Бекболиева 28 жашта. Ырчы тууралуу 8 факты

4163 0

Ырчы, алып баруучу, бизнес айым, сахна ажары Анжелика Бекболиева 12- июнда 28 жашка чыгып, туулган күнүн белгиледи.

Жакындарынан куттуктоолор жаап жаткандыгын белгилеген ырчы: «Баарына жооп берип жетише бере албай жатам. Ар бириңизге чоң рахмат, бардык калоо-тилектерди окудум»,- деп Instagram баракчасына жазган.

Анжеликага өзгөчө сюрприз даярдаган Миргүл Эсеналиева болду, андан сырткары достору, жакындары, туугандары болуп туулган күнүн жакшы маанайда тоскондугун айтып өттү.

Төмөндө болсо Sakal.kg Кыргызстандагы эң белгилүү жана популярдуу айымдарынын бири тууралуу 8 факты сунуштайт;

1. Анжелика 8 жашынан баштап «Айчүрөк» эстрада театрында солист катары ырдап баштаган. «Бала чагым төрт дөңгөлөктүн үстүндө өттү,- деген ырчы, — көбүнчө Арген экөөбүздүн мушташканыбыз, бантиктеримди жулуп кетип, саксайып сахнага чыкканым, ырдап жатып ыйлаган күндөрүмдү эстейм»,- деп кошумчалаган

Анжелика Бекболиева 28 жашта. Ырчы тууралуу 8 факты


2. Ырдаганды билбейт же үнү жок деген сөздөрдү угуп эле келген ырчы: «мен ырдоо стилим ушундай, ырларым Lounge стилинде, үнүмдү бийик чыгарып ырдаганга болбойт»,- деп журналисттерге айтканы бар.




3. Айчүрөк эжеден ырдаганды үйрөнбөсөм дагы, жашаганды үйрөндүм»,- дейт Анжелика. «Келишим түзүү, интервью берүү, пиар жасоо, күчтүү болууну үйрөттү»,- деп белгилеп келет.



4. «Өзүң каалагандай жаша, айлана-чөйрөңө зыян келтирбе, өткөнгө өкүнбө, демек ушундай болушу керек болчу»,- деген ураандар менен жашайт.




5. «Бала чагымда көп гастролдоп жүрүп, күнүнө бир маал гана тамак жеп, андан соң ачка кулаган учурлар көп болчу» ,-деген Анжелика ачка калып калуудан коркот.



6. «Нарындын 40 градус суугунда да, жука көйнөк менен сахнага чыгып ырдачумун, ошондогу чоңдор мени ооруп калат деп ойлогон эмес окшойт»,- деп, азыр балдарына жада калса үйдө да жукак көйнөкчөн жүрүүгө уруксаат бербейт.



7. Ооба, өзүмдү пиарлайм деп ачык эле айтат. Анжеликанын 2 расмий Instagram баракчасы бар. Ар бирине 500 миңден ашык адам жазылган. Андан сырткары эки кызы: Айыма жана Элиманын дагы өздүк баракчалары, бир нече фан баракчасы бар.



8. Анжеликанын Айыма, Элима жана Айлин аттуу 3 кызы бар. Бирок ырчы эркек балалуу болмойунча төрөй берем»,- деген.





Булак: sakal.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->