$ 68.35 - 68.64
€ 83.57 - 84.59

Ырчы Анжелика туулган күнүн майрамдоо шаӊдуу башталганын айтат

5133 2



Бүгүн, 12-июнда белгилүү ырчы Анжелика Бекболиева 28-туулган күнүн белгилөөдө. Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыкканыбызда ыраазычылыгын билдирип, бул күн шаӊдуу башталганын айтты.

"Алгач эле апамды куттуктадым. Түнкү саат 12:00дө досторум үйгө кирип келип куттукташты", - дейт ырчы.

Белгилей кетсек, Анжелика Бекболиева 1989-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 1-5-класска чейин Мукаш Абдраев атындагы музыкалык интернаттан кыл кыяк боюнча билим алган. 11-классты борбодогу №38-орто мектебинде аяктаган. 2007-2013-жылдары КГУСТАнын Жаңы маалымат технологиялар институтунун экономика бөлүмүн аяктаган.

Ырчы 1997-жылы чоң сахнага "Айчүрөк" эстрада театрында Марат Алыбаевдин "Каалоо" аттуу ыры менен чыккан. 2007-жылы "Өмүр багы", "Сагыныч" аттуу ырлары менен чыгып, жеке ырчы катары эмгектене баштаган. 2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган. Ал эми "Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча "2005-жылдын супер ырчы айымы", "2014-жылдын сахна ажары" наамдарынын ээси болгон.


Булак: super.kg

Комментарии пользователей (2)

Ваш аватар
  



Фото юзера Айнура
Айнура 12.06.2017


Анжелика туулган кунун кутту болсун чыгармачылык ийгиликтерди каалайм ар дайым жузундон сулуук кетпесин бактылуу бол
Фото юзера Мееринса
Мееринса 13.06.2017


Анжелика туулган кунун кут болсун! Сага ден соолук узак омур, ишине албан албан ийгиликтер болсун.

-->