Жаңы ысым: Гүлзада Болотбекова, жаш ырчы: «Кыялымды орундатууга убакыт келди»

450 0

Маданий сайты маал-маалы менен жаңыдан канат күүлөп чыгып келе жаткан жаш таланттарга колдоо көрсөтүп келет. Бул ирет Гүлзада Болотбекова аттуу ысымды алып чыкты. Гүлзада кесиби башка болсо да, көөдөнүндөгү каалоосу күч болуп ыр дүйнөнү тандады. Жана алгачкы аракеттерин көрө баштады. Болочок ырчы жөнүндө кыска маалымат беребиз.

Гүлзада Болотбекова


Гүлзада Болотбекова, жаш ырчы.

Туулан жери: Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбай айылы.

Туулган жылы: 1990-жылы 23-июнда төрөлгөн.

Билими: Жусуп Баласагын атындагы окуу жайдын Экология факультетин аяктаган.

Азыркы учурда: Цех иштеткен жеке ишкер.

Үй-бүлөдө: 4 бир тууган, жалгыз уул, 3 кыз, Гүлзада эгиздин түгөйү.

Атасы: Шамиев Болот, апасы Рыскүл Ысык-Көл облусунун тургуну.

Хоббиси: Музыка.


Гүлзаданын айтуусунда:
«Мен үчүн музыка хобби. Кичинемден ырчы болуп элге таанылып, батасын алсам деп кыялданчумун. Мындан беш жыл мурун эл алдына чыгайын десем үйдөгүлөр каршы болуп коюшкан. Убакыт эми келди окшойт. Ыр дүйнөгө аралашуу менен бала чактан берки кыялымды орундатууга аракет көрүп баштадым».


Репертуарында: Эки ыры бар. «Жашоо» — сөзү: Ташкент кызы Гүлдүкү, обону: Ильяз Абдразаковдуку. Экинчи ыры болсо кезинде Алина Жетигенова аткарып жүргөн «Таалайым ай» деген чыгарманы жакында жаңы жасалга менен уга аласыздар.
Булак: sahna.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->