$ 68.79 - 69.09

Жогорку Кеңеште эми “депутаттын фонду” ишке киргизилет

137 0

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” жана “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилди. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2015-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2016-жылдын 6-январында, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” жана “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынан билдиришти.

Мыйзамда “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 163-статьясына “депутаттын фонду” деген түшүнүк киргизилет, ал фонд депутаттык ишмердикти каржылоо үчүн ар жыл сайын бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде түзүлөт.

“Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-статьясына киргизилген өзгөртүүдө Жогорку Кеңештин депутатынын фондунун бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчетту түзүүгө карата талаптар Жогорку Кеңештин токтому менен аныкталаары белгиленет.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->