$ 69.61 - 69.76
€ 79.16 - 79.72

Дүйнөдөгү эң кымбат жер тилкеси Гонконгдогу аукциондо сатылды

259 0

Дүйнөдөгү эң кымбат жер тилкеси Гонконгдогу аукциондо сатылды


Гонконгдогу аукциондо дүйнөдөгү эң кымбат жер тилкеси 3 миллиард долларга сатылды. Бул ушу тапта рекорддук сумма экенин РИА Новости агенттиги билдирди.

Кытайдын South China Morning Post гезитинин жазганы боюнча жер тилкеси Гонконгдун чок ортосунда жайгашкан. Аталган аймактагы жер тилкелери эң кымбат деп саналып, анын баасын эксперттер 2 миллиарддан 2,8 миллиард долларга чейин деп баалашкан. Henderson Land кыймылсыз мүлк компаниясы сунуштаган баа эксперттердин божомолунан да ашып түштү.

Аукционго жалпысынан тогуз компания катышкан. Сатылган жер тилкесинде учурда беш кабаттуу унаа токтотуучу жай бар. Henderson компаниясы аны бузуп, 2022-жылга карата белгилүү боло турчу имарат курууну пландап жатат.

Булак:sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->