$ 68.80 - 69.15
€ 80.57 - 81.52

Патрулдук милицияга баш ийбеген Жалал-Абаддын мэринин унаасы айып аянтчага токтотулду (фото)

774 0

Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаевдин кызматтык унаасы айып аянтчага токтотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Патрулдук милицияга баш ийбеген Жалал-Абаддын мэринин унаасы айып аянтчага токтотулду (фото)

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарында «Күңүрттөө» рейдинин жүрүшүндө арткы номуру жок «Ниссан» үлгүсүндөгү унааны Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери токтотушкан, бирок айдоочу токтобой өтүп кеткен.

Патрулдук милициянын кызматкерлери ал унаанын артынан түшүп, (0032 DB номурлуу) кызматтык унааны Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Т.Темирбаев башкарып бара жатканын аныкташкан.
Унаа учурда айып аянтчасына киргизилип, протокол түзүлдү.



Булак: turmush.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->