$ 69.79 - 69.91
€ 79.62 - 80.47

Дыйкандарга 2 млрд 83 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыялар берилген


 Дыйкандарга 2 млрд 83 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыялар берилген

Апрелдин аягына карата өкмөт тарабынан дыйкандарга 2 млрд 83 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыялар берилген. Бул тууралуу 12-апрелде өкмөттүн отурумунда экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди. Анын айтымында, 2017-жылдын январь-февраль айларында физикалык жактардан которулуп келген акча каражаттарынын саны 253,4 млн долларга жеткен. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 51,1%га жогору.
Тышкы товар айлантуу январь-февраль айларында 752,4 млн долларга жеткен. Ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,9%га жогору. Товарларды экспортто 2016-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 2,8%га кыскарып, 233,5 млн долларды түзгөн. Импорт 518,9 млн долларды түзүп, 10,4%га жогорулаган. Ал эми төрт ай аралыгында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен тышкы товар айлантуусу 331,3 млн долларды түзүп, 7,3%га жогорулаган.
Темирлан КЕЛДИБЕКОВ
"Кыргызтаймс" 

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->