$ 68.02 - 68.32
€ 78.75 - 79.55

Түркияда полициянын рейди учурунда бир согушкер жардыруу жасады

351 0

Түркияда полициянын рейди учурунда бир согушкер жардыруу жасады

Түркияда полициянын рейди учурунда бир согушкер жардыруу жасады

Газиантеп провинциясынын губернатору террорчудан сырткары жарылуудан эч ким каза таппагандыгын билдирди.

"Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкери деп болжомолдонгон киши Газиантеп шаарында полиция рейд жүргүзүп жаткан учурда жардыруу жасаган. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигинин маалыматына таянып кабарлады.

Газиантеп провинциясынын губернатору террорчудан сырткары жарылуудан эч ким каза таппагандыгын айтып берген. "Ислам мамлекетинин" согушкери деп шек жараткан дагы бир киши кармалган.

Буга чейин Түркиянын чалгындоо кызматы 19-май — Жаштар жана спорт күнү болгон улуттук майрамда Анкарада теракт болушу мүмкүндүгүн кабарлаган. Басылманын түрк атайын кызматтарындагы булактарына таянып билдиргенине караганда, Кемал Ататүрктүн мавзолейи, АКШнын элчилиги жана аскер бөлүктөрдүн бири бутага алынган.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->