Аксыдагы банк кызматкери кесиптешин атып, андан соң өзүн өлтүргөн окуя териштирилүүдө

273 0

Аксынын Кербен шаарындагы банктын А.Б аттуу күзөт кызматкери өзүн жана шеригин атып өлтүргөн окуя учурда иликтенип жатат.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка ылайык, эки күзөт кызматкеринин өлүмү менен аяктаган окуя боюнча атайын соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, окуя 29-декабрдан 30-декабрга караган түнү саат 03:00 чамасында болгон. Эки кызматкер спирт ичимдигин ичип алып уруша кетишкен. Натыйжада А.Б. аттуу күзөттө турган кызматкер шеригин атып өлтүргөн. Андан соң кызмат ордун таштап Кербен шаарындагы үйүнө барып, өзүн да атып салган. Аялына: «бирөөнү өлтүрүп койдум», - деп айтып, сыртка чыгып кеткен. Ал бакчадан өзүнө ок чыгарып, ошол жерден каза болгон.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->