$ 68.53 - 68.86

Дордой" базарынын жанынын 6 млн. сомдук баңги зат алынды

592 0

Дордой" базарынын жанынын 6 млн. сомдук баңги зат алынды

Дордой" базарынын жанынын 6 млн. сомдук баңги зат алынды

Кармалгандар Тажикстандан Россияга баңги зат ташыган кылмыштуу топтун мүчөлөрү болуп саналат.

Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын адистери Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте унаа ичинен 5 килограмм героин аныктап чыгышты. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

14-май күнү аталган кызматкерлер тарабынан "Дордой" базарынын жанында Honda Inspire үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аны текшерүү учурунда 5,2 килограмм героин, 970 грамм нашаа табышкан.

Мамлекеттик чек ара кызматынын билдиришинче кармалгандар Тажикстандан Россияга баңгизат ташыган кылмыштуу топтун мүчөлөрү болуп саналат.

Алынган баңгизаттын баасы 6 миллион сомду түзөт.

Булак: Sputnik Кыргызстан


Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->