$ 68.04 - 68.29
€ 79.42 - 80.30

Чындык каяк тарапта?


Чындык каяк тарапта?
Өткөн ишемби жана жекшемби күндөрү Коомдук биринчи каналдын эфиринен, “Мегаком” компаниясынын жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Алмазбек Абековго таандык болгон Алиппе ТВ интерактивдик телеканалынын жабдыктарына байланыштуу атайын репортаж көрсөтүлгөн. Абеков өзү жана анын адвокаттары жабдыктар “Сентябрь” телеканалында колдонулуп жүргөнүн билдиришкен. Бүгүн “Сентябрь” каналынын өкүлдөрү “Алиппе ТВнын” жабдуулары аларда жок экенин айтып, маалыматты төгүндөөнү талап кылышты.

“Алиппе ТВ” интерактивдик каналынын мүлктөрү боюнча өткөн дем алыш күндөрү коомдук биринчи каналдын эфиринен көрсөтүлгөн сюжет - коомчулукта кызуу талкууну жаратты. Интервью берген респонденттердин маалыматына караганда, сюжетте айрым салмактуу саясатчылар бир гана Мегакомго эмес, ири медиаресурска ээ болгон “Алиппе ТВга да кызыкчылыктары бар экенин көрсөтүп турат. Ал телеканал таандык болгон Абеков өзү белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаевдин атын бир канча жолу атап, Алиппе ТВнын техникалары “Сентябрда” экенин айткан.

“Сентябрь” телеканалынын өкүлдөрү бүгүнкү маалымат жыйынды Алиппе ТВнын жабдыктары аларда жок экенин айтуу үчүн чогулткан. Бирок алар учурдагы өздөрүндө болгон техникаларды көрсөтүүдөн баш тартышты. Айтымдарында видеотасма жүргүзүү үчүн даярдыктар керек. Бул көрүнүш “атайын репортаж” даярдалып жатканда түшүндүрмөнү “Сентябрь” телеканалынын жетекчилиги эмес, катардагы журналисти чыгып интервью бергенге эле окшоп калды. Ал эми катардагы кызматкер жалпы каналдын ишине жоопкерчилик тартпайт.

“Сентябрь” телеканалынын өкүлдөрү башкы аргумент катары “Алиппе ТВны” интерактивдик телеберүү, Сентябрь болсо санариптик деп белгилешти. Сентябрда анан дагы үч эле камера иштейт экен.

Айтмакчы Алиппе ТВнын көпчүлүк программалары ошол башкы редактор айтып жаткан “жашыл” фондо тартылган. “Сентябрь” телеканалында “Алиппе ТВнын” жабдыктары бар экенин адвокат Икрамидин Айткулов тастыктоодо. Ал өзүнүн интернет баракчасына сүрөт түрүндөгү далилдөөчү документтерди жарыялап, өз убагында Алиппе твнын кызматкерлери сүрөткө түшкөн жабдыктар жана кийин ошол эле жерде “Сентябрь” каналынын эмгек жамаатынын түшкөн сүрөттөрү турат.

Чынында техникалык жабдуу, отургучтар, арттагы мониторлор, аларды бекитүүчү тетиктеринен бери окшош. Бул нерселер мындан бир канча ай мурун Өмүрбек Текебаев өзү журналисттер үчүн уюштурган саякатында да белгилүү болгон. Ал арада адвокат Икрамидин Айткулов Башкы прокуратуранын алдына “Алиппе Твнын” жабдыктары кантип “Сентябрда" болуп калганын текшерүү маселесин койду.

Ал эми журналисттердин “Сентябрь” кимге таандык деген суроосуна телеканалдын өкүлдөрү анын негиздөөчүлөрү бир нече киши экенин билдиришти. Бул арада юстиция министрлигинин расмий сайтында “Сентябрь” ЖЧКсы - толук аты “Сентябрь плюс” телеберүүсү деп катталган. Негиздөөчүсү Азамат Текебаев болуп чыкты, ал Өмүрбек Текебаевдин тууганы. Азамат Текебаевдин аты 2010-жылдан кийин тонолгон Бакиевдердин мүлкү боюнча да чыккан. Ал 7-кичи райондогу батирде жашаган, анын ээси мурда Жаныш Бакиевдин жакын санаалашы Сабыржан Хабибулин болгон. Батир 2010-жылдан кийин рейдерлик жол менен алынганы айтылат.
“Сентябрь” телеканалы чындыкка сот аркылуу жетүү чечиминен кайткан. Өкүлдөрүнүн айтымында, Коомдук биринчи каналга карата доо арыз бербейт. Анткени сотко доо арыз берилгенден кийин “Сентябрь” телеканалынын өзүндө дагы текшерүүлөр башталышы мүмкүн.
Темирлан КЕЛДИБЕКОВ
"Кыргызтаймс"

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->