$ 68.04 - 68.29
€ 79.42 - 80.30

Өкмөт: каржылоо кыскарса да Бишкек — Кара-Балта жолу толугу менен оңдолот

385 0

Өкмөт: каржылоо кыскарса да Бишкек — Кара-Балта жолу толугу менен оңдолот


Буга чейин депутаттар жолду оңдоо Бишкектен эмес, Военно-Антоновкадан ары башталарына нааразы болушкан.

Бишкек — Кара-Балта жолу толугу менен бүткөрүлөт. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өкмөттүн парламентте отчет берип жаткан учурунда билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин айрым депутаттар Бишкек — Кара-Балта жолу долбоор боюнча жасалбай, кыскарып кеткенин айтышкан.

"Жолдорду оңдоого Азия банкы каражат бөлгөн. Бирок толук эсептей келгенде каражат көп болуп кетип, банк аны кыскарткан. Бирок чыгымдарды үнөмдөө менен жол толук бүткөрүлөт", — деди Калилов.

Министрдин сөзүн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков колдоого алып, маселени жеке өзү көзөмөлгө алганын кошумчалады.

Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->