Жалал-Абадда жаңы жыл түнү 17 жаштагы жаран 3 адамды бычактап, бир нече жайга уурулукка кирген.

199 0

Жаңы жыл түнү Жалал-Абад шаарында 17 жаштагы тургун 3 адамды бычактап, андан сырткары бир нече жайга уурулукка кирген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жаңы жыл түнү Жалал-Абад шаарындагы Р.Азимов көчөсүндө бараткан А.Р.ны 17 жаштагы азият улутундагы адам эч себепсиз бычак менен сайып кеткен. Ошол эле түнү саат 04:00дө кылмышка шектүү шаар ичинен дагы 2 жаранды себепсиз бычактап, денелерине оор жаракат келтирген. Натыйжада жаракат алган жарандар облустук ооруканага кайрылып, алгачкы жардам алып, медициналык экспертизадан өтүшкөн.

«Ошондой эле, шектүү ошол эле түнү шаардагы көп кабаттуу үйлөргө жана дүкөндөргө уурулукка кирүүгө үлгүргөн. Аталган кылмыштарга карата ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун 17 жаштагы тургуну К.М. кармалды», - деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлеринин берген маалыматына ылайык, кармалган жаран күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн жана далил буюмдардын негизинде аталган кылмыштарды жасагандыгын ырастаган. Учурда К.М.га соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын психологиялык жактан оорусунун бар же жок экендиги аныкталууда.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->