WHATSAPP NEWS: ТҮРКИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫК СТУДЕНТТЕРДИН ЫНТЫМАГЫН БЕКЕМДӨӨ ИШ ЧАРАСЫ ӨТТҮ

633 0

Кыргызстандык студенттер тарабынан түптөлгөн Кыргызстандык Студенттер Платформасы Түркия мамлекетинде билим алып жаткан студенттердин ынтымагын бекемдөө максатында Түркиянын Конья шаарында чон жыйын өткөрдү. Жыйын 22-23 – апрель күнү Кыргыз Республикасынын Туркия Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Жунусов Ибрагим Кожоназаровичтин катышуусунда өттү.

Түркияда билим алып жаткан Кыргызстандык студенттердин биримдигин жана ынтымактыгын бекемдөө максатында уюуштурулган жыйынга Туркиянын 25 областында билим алып жаткан студенттер катышты.

Жыйын Кыргызстандык студенттердин таанышуулары жана Кыргызстанды таанытуу максатында даярдалган концерттик иш чара менен коштолду.

Концерттик иш чарадан сырткары жыйындын экинчи бөлүмүндө мекендеш студенттер Түркиядагы Кыргызстандык студенттердин көйгөйлөрүн талкуулашып, маселелерди чечүүнүн жолдорун издешти. Андан сырткары, уюуштурулуп жаткан иш чарага жергиликтүү бийликтен областын губернатору, шаардын мэри, районддордун мэрлери жана Туркия Мажлисинен бир канча депутаттын да катышуусу өттү.

Айрыкча, Кыргызстанды таанытуу үчүн даярдалган концерттик иш чарага Казахстан, Туркменистан, Азербайжан, Грузия, Йемен, Сирия, Ирак, Иран, Монголия, Косова, Албания, Орусия, Египет, Малайзия, Индонезия, Бангладеш, Индия, Сомали, Кения жана башка шаарлардан келип билим алып жаткан студенттер да катышышкан.

Бул кабарды Түркияда иш алып барып жаткан Кыргызстандык Студенттер Платформасынын Тышкы иштеринен жоопкерчиликтүү жердешибиз Кубангазы Бугубаев билдирди.

Концерттик программа, кооз жерлерди жана музейлерди кыдыруу менен коштолгон иш-чарага жалпы 300 гө чукул студент катышты.



KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->