"Ак-Илбирс" киносыйлыгы бүгүн тапшырылат

400 0

"Ак-Илбирс" киносыйлыгы бүгүн тапшырылат

"Ак-Илбирс" киносыйлыгы бүгүн тапшырылат

Улуттук киносыйлык 16 номинация боюнча берилет.

"Ак-Илбирс" Улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи бүгүн саат 18.00дө Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында өтөт.

Аталган сыйлыкка 2015-жылы өндүрүштөн чыккан ар кыл жанрдагы тасмалар ат салышат. Мындан төрт жыл мурун негизделген иш-чара 14 номинация боюнча мыктыларды аныктап келсе, былтыртан баштап Борбордук Азияны толугу менен камтып, ага дагы эки номинация — "Борбор Азиянын мыкты тасмасы" жана "Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн" кошулган.

Номинанттардын тизмеси:
  • "Мыкты тасма" номинациясында "Асман алдында", "Биртууганчик" жана "Сүтак" фильмдери ат салышмай болду.
  • "Мыкты режиссер" — Дальмира Тилепбергенова ("Асман алдында"), Данияр Болотбеков жана Асхат Табалдиев ("Биртууганчик"), Мирлан Абдыкалыков ("Сүтак");
  • "Мыкты сценарий" — Дальмира Тилепбергенова ("Асман алдында"), Данияр Болотбеков, Асхат Табалдиев, Бакыт Осмоналиев, Жеңиш Майрамбек уулу ("Биртууганчик") Актан Арым Кубат жана Эрнест Абдыжапаров (Сүтак);
  • "Мыкты оператор" — Акжол Бекболотов ("Асман алдында"), Жоомарт Эгем ("Биртууганчик"), Талант Акынбеков ("Сүтак");
  • "Мыкты художник" — Адис Сейталиев ("Асман алдында"), Орозбай Абсаттаров ("Раззаков"), Адис Сейталиев ("Сүтак");
  • "Мыкты композитор" — Муратбек Бегалиев ("Арзы"), Мурзалы Жээнбаев ("Асман алдында"), Мурзалы Жээнбаев ("Сүтак");
  • "Мыкты үн режиссеру" — Рахат Шамшиев ("Арзы"), Дмитрий Шаршенов ("Биртууганчик"), Мурат Ажиев жана Бакыт Ниязалиев ("Сүтак");
  • "Эркектин мыкты ролу" — Анвар Осмоналиев ("Асман алдында"), Табылды Актанов ("Сүтак"), Арслан Жумакадыров ("Арзы");
  • "Аялдын мыкты ролу" — Таалайкан Абазова ("Асман алдында"), Анара Назаркулова ("Сүтак"), Анара Солпиева ("Арзы");
  • "Мыкты даректүү тасма" — "Аруулук балдары", "Каникул", "Акыркы гастроль";
  • "Мыкты кыска метраждуу тасма" — "Таксист", "Тегирмен", "Шакек";
  • "Борбор Азиянын мыкты тасмасы" — "Воздушный Сафар" (Тажикстан), "Дом для русалок" (Өзбекстан), "Шалаш" (Казакстан).

"Ак Илбирс" Улуттук кинематографка кошкон салымы үчүн белгилүү режиссер Нуртай Борбиевге, ал эми Дүйнөлүк кинематографка кошкон салымы үчүн Наталья Аринбасаровага берилет.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->