ИИМ: Киргшёлктогу үч аялдын өлтүрүлүшүнө шектелип 18-21 жаштагы 6 киши кармалды

582 0

ИИМ: Киргшёлктогу үч аялдын өлтүрүлүшүнө шектелип 18-21 жаштагы 6 киши кармалды


ИИМ: Киргшёлктогу үч аялдын өлтүрүлүшүнө шектелип 18-21 жаштагы 6 киши кармалды

Бычак жеп өлгөн аялдар бири-бирине тууган болгон. Үйдөн 56, 59 жана 25 жаштагы аялдардын сөөгү табылган.

Ысык-Ата районунун Киргшёлк айылында үч аялды бычактап өлтүрүүгө шектелип 18-21 жаштагы алты киши кармалганын ички иштер министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, 24-март күнү милиция кызматкерлери Киргшёлк кыштагында үч айымдын жансыз денесин табышкан. Алардын биринин боюнда болгон. Маалыматтар боюнча үч аял бири-бирине тууган болуп чыккан. Бул окуянын негизинде кылмыш иши козголгон.

Ишти иликтөө үчүн атайы ыкчам топ түзүлүп, тергөө иштери ИИМ башчысы Мелис Турганбаевдин жеке көзөмөлүнө алынган.

"Узакка созулган иликтөөнүн натыйжасында 11-май күнү аталган кылмышка шектелип Ысык-Ата районунун 21 жаштагы эки тургуну кармалды. Учурда алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери ушул эле аймакта жашаган 20 жана 18 жаштагы үч жаранды, ошондой эле Ысык-Көлдүн 18 жаштагы жашоочусун кармашкан.

Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат. Иликтөөнү ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө.

Булак:Sputnik Кыргызстан

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->