Окуучуларды сүзүп кетти делген айдоочу эки айга камалды

853 0

Окуучуларды сүзүп кетти делген айдоочу эки айга камалды


йдоочунун буга чейин да бир адамды сүзүп алганы айтылууда.

Ленин райондук соту Бишкек шаарындагы №74 мектептин эки окуучусун сүзүп кетти деп шектелип жаткан жаранды эки айга камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти. Эске сала кетсек, 21-апрелде Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинен Mercedes-Benz С-class үлгүсүндөгү унаа №74 мектептин 3-классынын эки окуучусун сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен.

Кайгуул милициясынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери шектелүүчүнү шаардын батыш тарабынан колго түшүрүшкөн. Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын издөө бөлүмүнүн жетекчиси Ажыбек Майназаровдун айтымында, ушул эле адам мындан эки жыл мурун адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгынын күнөөкөрү болушу дагы мүмкүн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен мурдараак билдиришкендей, кырсыкка кабылган он жаштагы баланын башы, ички органдары жаракат алып, сол ийни сынган. Ал эми экинчи өспүрүмдүн башы жана ички органдарынан сырткары, эки тизеси, омурткасынын жогору жагы сынып кеткен. Учурда балдардын абалы оор бойдон калууда.

Булак:sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->