"Эйр Астана" учагында ызы-чуу салган кыргыз кыз беш жылга соттолушу мүмкүн

502 0

"Эйр Астана" учагында ызы-чуу салган кыргыз кыз беш жылга соттолушу мүмкүн


Казакстандын "Эйр Астана" авиакомпаниясынын учагында ызы-чуу салган кыргыз кызына 212 миң теңге айып салынды. Муну менен бирге полиция кызматкерлерине баш бербей, кемсинткени үчүн беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу tengrinews.kz маалымат сайты билдирди.

Окуя 8-май күнү болгон. Анда "Алматы — Куала-Лумпур" каттамы боюнча кете турган учакта кыргыз кызы мас абалында ызы-чуу салып жатканы полиция кызматкерлерине кабарланган.

"Мас абалдагы кыз 22 жашта, Кыргызстандын жараны экени аныкталды. Ал стюардессалардын эскертмелерине баш бербей, уят сөздөрдү колдонгон", — деп айтылат маалыматта.

Казакстандын полиция кызматкерлери тарабынан аталган факт боюнча протокол түзүлүп, аба учагындагы эрежелерди бузгандыгы үчүн 1311 сом, коомдук жайда алкоголь ичимдигин ичип, мас абалда жүргөндүгү үчүн 2185 сом айып салынган.

Мыйзам бузган кыз административдик жазаны төлөгөн. Анткен менен аны кармоо учурунда полиция кызматкерлерине баш бербей, ыплас сөздөрдү пайдаланган.

Аталган факт боюнча Казакстандын Кылмыш жаза кодексинин "Бийлик өкүлдөрүн кемсинтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул норманы бузгандар 43 миң 713 сомго айыпка жыгылып, же беш жылга эркинен ажыртылат.

Булак: Sputnik



Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->