$ 68.47 - 68.69
€ 80.40 - 81.19

12 жаштагы кызды тоокканага алдап алып барып зордуктаган кочкорлук жаранга козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берилди.

2907 2

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Шамшы айылынын 32 жаштагы тургуну М.А. 12 жаштагы кызды зордуктагандыгы боюнча Нарын ОИИБден кылмыш иликтөө иштери жөнүндө Turmush басылмасынын кабарчысына маалымат берилди.

Маалыматта айтылгандай, кармалган жаран күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Бул факт боюнча экспертиза дайындалып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүмү (Сексуалдык мүнөздөгү зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда бул кылмыш иши соттун кароосунда. Мындай кылмыш үчүн 20 жылдан жогору же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралышы мүмкүн.

Кочкор райондук социалдык жактан коргоо бөлүмүнөн маалымдалгандай, учурда кыздын абалы канааттандырарлык.

Мурдараак маалымдалгандай, ушул жылдын 25-ноябрында шамшылык М.А. аттуу тургун 12 жаштагы кызды алдап, тоокканага алып барып зордуктаган.

Окуя боюнча:

Ушул жылдын 25-ноябрында болжол менен саат 11:00 чамасында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылынын Кырман аймагында М.А. аттуу тургун 12 жаштагы кызды алдап, тоокканага алып барып зордуктаган.

«Репортерго» окурман маалымдагандай, М.А. кызды башка кыздарга кошулуп жашынмак ойноп жаткан жеринен алдап, тоокканага алып барып, ал жерден коркутуу жолу менен жыныстык катнашка барган.

«М.А. 3 кыздын атасы. Анын улуу кызы дагы 12 жашта. М.А. сурак учурунда кылмышын моюнга алды», - деп айтылат окурмандын маалыматында.

Бирок учурда М.А. эки жактоочуну жалдап алып, жазадан кутулуу аракетин көрүүдө. Мындан тышкары ага белгисиз бир адамдар жардам берүүдө, деп билдирет окурман.

Ал эми зордукталган кыз психологиялык жактан жабыр тартып, эркектерди көргөндө коркуп жатат.

Айылдан башка жакка кетүүгө мажбур болгон кыздын ата-энеси анын ден соолугунан сарсанаа болууда.

Буга карабастан тергөөчүлөр кызды суракка 3 жолу чакырып, психологдордун тыянагын эске албастан, ар бир чакырылган жолу окуя тууралуу суракка алган.

Кыздын ата-энеси коомчулуктан бул кырдаалга көңүл буруп, күнөлүү жаза алуудан кутулуп кетпөөсү үчүн окуяга туура баа берүүгө чакырат.

Булак: barakelde.turmush.kg

Комментарии пользователей (2)

Ваш аватар
  



Фото юзера Таалай
Таалай 06.01.2017


Өлүм жазалоо керек
Фото юзера Турар
Турар 16.06.2017


Олум жаза берсе же элге салса деп ойлойт элем. Ушундай иштер кобойду каттуу чара коруш керек го.

-->