Акыйкатчы Кубат Оторбаев өлкөнү чоң түрмөгө айлантууга каршы

588 0

«Мен, эгемен өлкөбүз Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайынын бир чоң камерасына айланышына каршымын. “Азаттык”, “Заноза”, “24.kg» жана «Клооп» басылмаларынын журналисттерин жоопкерчиликке тарткыбыз келсе, башка буйрутма, каралоо материалдарын жайылтып жаткан негизги массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн дагы жоопкерчиликке тартылышын карашыбыз керек деген пикирдемин». Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев бүгүн билдирди.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев өлкөнү чоң түрмөгө айлантууга каршы

Ал өз сөзүндө мамлекеттик телеканалдардын жетекчилерин алтернативдик пикирлерге дагы аянтча берүүгө чакырды.

Ошондой эле, соттордун өлкө Конституциясына жана мыйзамдарына гана баш ийген көз карандысыздыгын эске алып, сот органдарын Башкы прокуратуранын мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин кадыр баркына шек келтирди деген жарандык доосуна карата калыс чечим чыгарууга, “Заноза”, “Азаттык” сайттарынын эсептеринин камакка алынышын кайра карап чыгууга үндөдү.

Акыйкатчысы Кубат Оторбаев Банктык эсептердин камактан чыгарылышы менен аты аталган басылмалардын кызматкерлеринин Конституция менен кепилденген жумуш иштөөгө жана ага акы алууга болгон укугун коргогон болобуз деп эсептейт

Андан тышкары Акыйкатчы адам укуктары менен эркиндиктерин чектеген кадамдарга, тынчтык митингдерин өткөрүүгө жана эркин пикир билдирүүлөрдү чектөөгө каршы экенин билдирди.


Булак: maralfm.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->