$ 67.41 - 67.71
€ 73.11 - 74.08

Момбеков: Коалияциялык көпчүлүктү Иса Өмүркулов жетектеш керек

160 0

Момбеков: Коалияциялык көпчүлүктү Иса Өмүркулов жетектеш керек

Момбеков: Коалияциялык көпчүлүктү Иса Өмүркулов жетектеш керек

Коалициялык көпчүлүктү башкаруу талашка түшпөш керек. Мындай пикирин ЖК депутаты Рыскелди Момбеков (КСДП) «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Ал КСДП коалициядагы эң көп мандаты бар фракция болгондуктан анын лидери автоматтык түрдө коалициялык көпчүлүктү жетектеш керек деп эсептейт:

- Көпчүлүк деген көпчүлүк. Парламенттеги эки партиянын мандатын кошкондо дагы биздин мандатка жетпейт. Аны менен катар КСДП коалициялык көпчүлүктүн ортосунда биз турабыз. Чыныбай Акунович спикер болуп кеткенден кийин КСДПнын лидери Иса Шейшенкулович болду. Ал киши парламенттеги көпчүлүктү башкарыш керек. Анын тажрыйбасы дагы жетиштүү. Мисалы, башка фракциялардын деле лидерлери өзүлөрүнүн талапкерлигин коёру күмөн.

Эске салсак, 13-апрелде ЖК мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков анын бир тууган агасы Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болгондон кийин кызматын тапшырган. Кийин спикерлик кызматка Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев ат салышып 51-51 добуш алып тең чыгышкан. Андан соң коалициялык көпчүлүктүн жана КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков төрагалыкка көрсөтүлүп, ал 88 добуш менен спикерлик кызматка отурган.

Булак: maralfm

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->