$ 68.80 - 69.12

Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жыйыны өттү

125 0

Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 30-апрелде Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жыйыны өттү
Жыйында Коргоо кеңешинин мүчөлөрү «Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун чыӊдоо чаралары жөнүндө» маселени карашты. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиев баяндама жасады.
Күн тартибиндеги экинчи маселе — «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын иш милдеттерин камыз кылуунун кечиктирилгис чаралары жөнүндө” маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алдындагы Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Алик Мамыркулов баяндама менен чыкты.
Талкууга коюлган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев, Жогорку Кеңештин фракцияларынын башчылары Өмүрбек Текебаев, Канат Исаев, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Иса Өмүркулов жана Өмүрбек Бабанов сунуштары менен ой-пикирлерин ортого салышты.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча жана айтылган ой-пикирлер менен сунуштарды эске алуу менен Коргоо кеңешинин мүчөлөрү тийиштүү чечимдерди кабыл алышты.
Коргоо кеӊешинде кабыл алынган чечимдер тууралу Коргоо кеӊешинин катчысы Темир Жумакадыров брифингде кеӊири маалымат берет.

Булак: fakt.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->