$ 68.40 - 68.61
€ 80.56 - 81.19

Бишкекте «Хонданын» айдоочусу сүзүп кеткен 8 жаштагы бала каза болду

451 0

Бишкекте «Хонда Аккорддун» айдоочусу сүзүп кеткен 8 жаштагы бала ооруканадан каза болду.

Бүгүн, 26-апрелде Бишкек ШИИБдин патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 25-апрелде саат 07:10до Лев Толстой көчөсүндө жаш баланын катышуусунда жол кырсыгы болгону тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери балага алгачкы меджардам көрсөтүшүп, ооруканага жеткиришкен.

Чогултулган материалдар боюнча аныкталгандай, «Хонда Аккорд» унаасынын 23 жаштагы айдоочусу Л.Толстой көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй бара жатып, жолду кесип өтүп бараткан окуучуну сүзүп кеткен.

Кийин маалым болгондой, бала алган жаракаттарынан улам ооруканадан көз жумган.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат. Соттук-медициналык жана автотехникалык экспертизалар дайындалды.

ПМБ айдоочулардан жөнгө салынган жана жөнгө салынбаган кесилиштерде этият болууну, ошондой эле билим берүү мекемелеринин аймактарында унааларды өзгөчө көңүл коюп айдоону өтүнөт. Ал эми ата-энелерден балдарын бала бакчаларга, мектептерге чейин коштоп барып, имаратка киргизип кетүүнү суранат.

«Жолдордо баланын коопсуздугу ар бирибизден көз каранды экенин унутпаңыздар», - деп айтылат маалыматта.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->