Бишкек шаарындагы каттамдарга жаңы автобустар кошулду

247 0

Бүгүн, 22-апрелде, Үрүмчү шаарынын мэриясы белекке берген автобустар Бишкек шаарында каттамга кошулду. Мындай маалыматты шаар мэри Албек Ибраимов билдирди.

Жалпысынан 1 млн долларга бааланган 10 автобус белекке берилген. Алардын айырмачылыгы, жаратылыш газы менен иштөөсүндө. Анан дагы 35 орундуу жана 100 жүргүнчүнү ташууга ыңгайлаштырылган.

Ошондой эле, Бишкек мэриясынын ушул жылдын ичинде шаардагы автобустардын санын 85ке көбөйтүү планы бар. Ага карата азыркы учурда автобустук базаларга бузулган автобустарды оңдоп-түздөө үчүн атайын борборлорду ачуу ишин колго алган.

Кошумчалай кетсек, автобус алуу боюнча Урумчи шаарынын мэриясы менен өткөн жылы кызматташуу келишими түзүлгөн болчу.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->