Жалал-Абад медколледжинин студенттери чогулткан жарым миллионго жакын акчаны жооптуу кызматкерлер өздөрүнө ыйгарып алышкан

304 0

Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин Басма сөз кызматынан маалымдашты.

Анда айтылгандай, Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде, Жалал-Абад медициналык колледжинин жооптуу кызматкерлери тарабынан 2015-жыл ичи студенттерден камкордук фондго деп чогулган акча каражатынан жасалма актынын негизинде 351 720 сом акчаны мыйзамсыз түрдө өздөрүнө ыйгарылганы аныкталды.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад ОИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 171 ст. 4 бөл. 2 пун. (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) жана 350 ст. 5 бөл. (жасалма документ) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: INTER.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->