$ 68.80 - 69.15
€ 80.57 - 81.52

Бишкекте жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды

511 0

Бишкекте патрулдук милициянын кызматкерлери жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кеткен айдоочуну кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Бишкек ШИИБдин патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, кечээ, 20-апрелде саат 04:15те белгисиз айдоочу Жибек Жолу көчөсү менен бара жатып «Народный» дүкөнүнүн жанынан эки жөө жүргүнүчүнү сүзүп качып кеткен.

Кырсыктан 22 жаштагы Бишкек шаарынын жашоочусу ошол жерден каза болгон. Бири оор абалда ооруканага жеткирилген.

Бул боюнча ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ШИИБдин патрулдук милиция кызматкерлери Жалал-Абад облусунун 26 жаштагы тургунун кармашты.

Кармалган адам өзүнүн иш аракеттерин, адамды сүзүп, коркконунан качып кеткенин айтып түшүндүрдү.

Чогултулган материалдар Бишкек ШИИБдин тергөө башкармалыгына өткөрүлүп, автоунаа айып жайга токтотулду.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->