$ 68.79 - 69.05
€ 76.56 - 77.67

Оштогу мечиттерге 30 жолу уурулукка кирген 18 жаштагы балдар кармалды

296 0

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мечиттерде уурулук кылып жүргөн топтун мүчөлөрү кармалганы маалымдалган.

Ош ШИИБ маалымдагандай, кармалган балдардын экөө Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын, бирөө Ысык-Ата районунун 18 жаштагы тургуну.
Маалым болгондой, алар Ош шаарынын борбордук мечитинде жума намазга келгендер даарат алып жаткан учурда кийимдердин чөнтөгүндөгү акчаларды жана уюлдук телефондорду уурдап жүрүшкөн. Борбордук мечиттен эле 12 телефон жана акча уурдалып, 15 факт аныкталды. Шектүүлөр шаардагы башка мечиттерден да уурулук кылгандыгы текшерилүүдө. Алар жалпы 30 уурулук фактысына шектелип жаткандыгы айтылды.

Аларга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттун санкциясы менен камакка алынды.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->