Депутат Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров 7 жылга кесилди

188 2

Депутат Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров 7 жылга кесилди

Бишкек шаардык соту мурунку баш прокурор Аида Салянованын өмүрлүк жолдошу Бакыт Абдыкапаровду шарттуу түрдө 7 жылга эркинен ажыратуу боюнча Биринчи Май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу кечээ, 20апрелде соттун басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, жети жылдын үч жылы сыноо мөөнөтү болуп эсептелинет. Соттолуучу аталган сыноо мезгилинин ичинде өзүн туура алып жүрсө, жаза мөөнөтү кыскартылышы мүмкүн.

Абдыкапаровго карата кылмыш иши "Тазалык" ишканасынын жетекчилигине козголгон ишти оң жагына чечүү үчүн айрым тараптар тарабынан 50 миң доллар алынган факты боюнча 2015-жылдын 5-январында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тергөө башкармалыгы тарабынан козголгон. Абдыкапаровго иш Кылмыш жаза кодексинин "Бир нече адам алдын ала сүйлөшүп алып, ири өлчөмдө шылуунчулук кылуу" беренесинин негизинде күнөө коюлган.

Марттын башында УКМКнын тергөө башкармалыгы Абдыкапаровго экинчи айып таккан. Ага ылайык, Салянованын жолдошу стандартка ылайык келбеген көмүр менен камсыздоо боюнча "Электр станциялары" жана башка ат минерлерге козголгон кылмыш ишке тиешеси бар экени айтылат.

INTER.KG

Комментарии пользователей (2)

Ваш аватар
  



  1. Фото юзера Vashington
    Vashington 22.04.2016


    Эрин каматып ийип Аида эми Теке менен аргындашат экен да. Текеден улак тууп ал эми Аида айым
  2. Фото юзера Ишенбейм
    Ишенбейм 05.06.2016


    "шарттуу түрдө" дегени калп эле кесимиш болгону да. "Бир нече адам алдын ала сүйлөшүп алып, ири өлчөмдө шылуунчулук кылуу" беренесинде мындай "шарттуу" кесилиш жок. Аида айым паранын күчү менен мындай чечим чыгарткан бейм. Же Теке каадасынча сотко телефон чалып койдубу?

-->