$ 68.12 - 68.35
€ 79.04 - 80.12

Түркиядагы кыргыз студенттер калпак жана желек күнүн майрамдашты

710 1

Түркиядагы кыргыз студенттер калпак жана желек күнүн майрамдашты


Түркиянын Кайсери шаарындагы кыргызстандык студенттер 4-мартта желек жана калпак күнүн белгилешти. Майрамды Кайсеридеги "Кыргызстандык студенттердин биримдиги" уюштурду. Анын жетекчиси Манасбек Максүтовдун айтымында, ал жактагы бардык кыргызстандык жигиттер ак калпак кийишип, туу көтөрүп жүрүштү. Иш-чарага түркиялык жана чет өлкөлүк студенттер да катышып, кыргызстандыктар аларга калпак жана желек, Кыргызстан тууралуу маалымат беришти:

- Биз башкаларга Кыргызстанды жана улуттук кийимдерибизди таанытууну максат кылдык. Кайсериде билим алган 35 студенттин кыргыз тилиндеги куттуктоолорун социалдык тармактарга жайгаштырдык. Ирак, Тайланд, Африкадан келген досторубузга Кыргызстан жөнүндө айтып бердик.

Түркиянын Кайсери аймагында жалпысынан жүздөн ашык кыргызстандыктар жашап, иштейт. Алардын басымдуу бөлүгү студенттер.

Бүгүн Кыргызстанда Ак калпак күнү. Ал эми мамлекеттик туунун кабыл алынганына 3-мартта 25 жыл толду.


Булак:azattyk.org

Комментарии пользователей (1)

Ваш аватар
  



Фото юзера ViolettaDrids
ViolettaDrids 06.03.2017


Можно ли узнать о мужчине как можно больше.

[url=http://kok7.ru/lyubov-seks/he_and_you/][img]http://kok7.ru/wp-content/uplo
ads/2017/02/article_75_22ab1caf5f7d68240cb5d9a50773471c1304485836-158x158.gif[/
img][/url]

Чтобы узнать о мужчинах почти все, совершенно не обязательно жить с ним всю жизнь.
Мы нашли метод получше!

[url=http://kok7.ru/znachenie-podarkov-zheltye-tyulpany/]Значение подарков: желтые тюльпаны[/url]

-->