$ 68.47 - 68.69
€ 80.40 - 81.19

Жеңил автоунаа эвакуаторду сүзүп, айдоочу каза болду, анын жубайы менен кызы ооруканага жаткырылды

420 0

Бишкекте жеңил автоунаа жол четинде токтоп турган эвакуаторду сүзүп, айдоочу каза болду, анын жубайы менен кызы ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Бишкек ШИИБдин патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, кечээ, 17-апрелде саат 15:00дөр чамасында патрулдук милициянын кызматкерлери Бишкектин Гагарин көчөсүндөгү «Эльнур» мончосунун маңдайында жол-транспорт кырсыгы болгон жерге барышкан.

Чогултулган материалдар боюнча аныкталгандай, Nissan Primera унаасы Гагарин көчөсү менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, жолдо токтоп турган эвакуаторду сүзгөн. Nissan'дын айдоочусу ошол жерден каза болгон, анын жубайы менен 6 жаштагы кызы ооруканага жеткирилди.

Эвакуатордун айдоочусунун айтымына караганда, жумушка бара жаткан жолдо эвакуаторду жол четине токтотуп, өзү дүкөнгө кирип кеткен. Бул учурда катуу дабышты угуп, сыртка чыгып анын унаасын Nissan Primera сүзгөнүн көргөн.

Жол кырсыгы боюнча тергөө башталды. Окуянын чоо-жайын Бишкек ШИИБдин тергөө башкармалыгы иликтөөдө.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->