Бишкекте ууру өспүрүмдөрдүн тобу кармалды

559 0

Бишкекте тоноочулук менен алектенген өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Бишкек шаарында жашаган 25 жаштагы М.А. арыз менен кайрылып, үйүнүн жанынан белгисиз азиат түспөлүндөгү балдар күч колдонуу менен 20 миң сом акчасын жана «Самсунг» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алганын билдирген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектелип, 16 жаштагы З.Т., О.Д., К.С. жана 17 жаштагы У.Ж. кармалды. Аталган факты боюнча иликтөө улантылып жатат.

Бишкек шаарынын тургуну 28 жаштагы Х.Э. арыз менен кайрылып, 2016 жылдын март айынын башында белгисиз адамдар арыз ээсинин үйүнө жашыруун түрдө киришип, жалпы баасы 10000 АКШ доллар турган зергер буюмдарын уурдап кетишкендигин билдирген.

Кылмышка шектелип, Чүй облусунун жараны 31 жаштагы Ш.Л. кармалып тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын тургуну 30 жаштагы С.Р. арыз менен кайрылып, Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунан «Намба –Таксинин» айдоочусу баасы 18 миң сомдук «Самсунг-Гэлакси С-5» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жашыруун турдө уурдап кеткендигин кабарлаган.

Кылмышка шектелип Чүй облусунун тургуну 28 жаштагы К.В. кармалды. Иликтөө жүрүп жатат.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->