Кыргызстандык студент кыздын тасмасы Стамбулда өткөн кинофестивалда мыкты аталды

291 0

Кыргызстандык студент кыздын тасмасы Стамбулда өткөн кинофестивалда мыкты аталды

Фестиваль жыл сайын Стамбул шаарынын Чекмекөй муниципалитети тарабынан Түркия президентинин аппаратынын колдоосу менен өткөрүлүп келет. Анын жеңүүчүсүнө ири көлөмдөгү акчалай сыйлык ыйгарылат.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандык жаш кинематографист Касиет Жолдошбекова Стамбул шаарында өткөн эл аралык документалдык тасмалар фестивалында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргызстандагы Кинематографияны өнүктүрүү фондусу билдирди.
Эл аралык бул фестиваль былтыр март айынан тарта башталган. Фестивалдын жеңүүчүлөрү дем алыш күнү Стамбул шаарында жарыяланды. Быйыл конкурска жалпысынан 143 тасма келип түшкөн.
Кыргызстандык Касиет Жолдошбекованын "Жалгыздык" тасмасы эң мыкты деп табылып, жети миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болду. Жолдошбекова — Кыргыз-түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү.
Булак:sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->