Эски ырларды жаңыртып ырдап жылдызы жанган ырчылар

900 0



Бүгүнкү күндө эски ырларды жаңылап ырдоо менен шоу бизнес чөйрөсүндө өз ордуларын тапкан ырчылар арбын. Мына ошол ырчылардын бир нечесин сиздердин назарыңыздарга сунуштайбыз.

Айдана Дека

Эски ырларды жаңыртып ырдап жылдызы жанган ырчылар


Элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, жагымдуу үнү менен көптөгөн күйөрмандарды топтоп келе жаткан ырчы кызыбыз Айдана Дека Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова бир убакты оболонто созгон “кыздын сыры” аттуу ырын жаңыртып ырдап эл алдына жарк эте кирип келди.

Нурмат Садыров



“Мен сүйгөн менен пайда жок” деп ырдаган Нурмат Садыровдун шоу чөйрөнү багынтышына чоң салымын кошуп элге тааныткан чыгарма “Торгоюм” болду. Буга чейин ал чыгарманы маркум Гулзат Батырканова аткарып жүргөн.

Аяна Касымова



Өзгөчө үнү менен эски ырларды жаңыртып ырдаган жагынан эч кимди алдыга салбаган ырчы кызыбыз Аяна Касымова. Ал Жолдошбек Мамажанов аткарып жүргөн “Сүрөтүнө” аттуу ырды ырдап, чыгармачылыкта өз ордун таба алды.

Гулжигит Калыков



Шоу бизнес чөйрөсүндө жаңыдан гана таанылып келе жаткан Гулжигит Калыковдун чыныгы талантты Евразия жылдызы” конкурсунда Кыргыз Республикасына эмгеги сиңген артисти Түгөлбай Казаковдун Жамгыр төктү” чыгармасын аткарып жеңишке жетүүсү менен далилденип, дагы бир ирет жылдызы жанып элдин сүймөнчүлүгүнө арзыган.

Кайрат Примбердиев



Азыркы учурда бир эле Кыргызстандын шоу бизнесинде эмес, Россиянын шоу чөйрөсүндө да өз ордун табууну пландап жүргөн ырчы жигитибиз Кайрат Примбердиев бир канча жыл мурун бир жанып жок болуп кеткенин баарыбыз билсек керек. Ошондой болсо да, ал бул жолу “Биз тобунун” “Поездеги махабат” аттуу чыгармасын жаңылап ырдап чыгармачылыкка жаны күч жаңы дем менен келип көптөгөн ийгиликтерди багындырды.

Булак: fakt.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->