$ 69.79 - 69.91
€ 79.62 - 80.47

Алмазбек Атамбаев Бельгиядан Федерика Могерини жана Дональд Туск менен жолукту

379 0

Жолугушуу учурунда алар Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана мындан аркы кадамдары тууралуу пикир алышкан.

Алмазбек Атамбаев Бельгиядан Федерика Могерини жана Дональд Туск менен жолукту

Алмазбек Атамбаев Бельгияга болгон иш сапарынын алкагында Евробиримдиктин тышкы иштер жана саясат коопсуздугу боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини жана Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда алар Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана мындан аркы кадамдары тууралуу пикир алышкан. Мындан тышкары, Кыргызстанда быйыл күзүндө өтүүчү президенттик шайлоо маселелери да талкууланды.
Ошондой эле Атамбаев Германиянын Мюнхен шаарына барып, коопсуздук боюнча конференцияга катышат. Ал жактан Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугат. Алар кыргыз-немис мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Булак:sputnik.kg


Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->