$ 69.61 - 69.76
€ 79.16 - 79.72

Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын кароону баштады

443 0

Парламент депутаттарынын күн тартибинде премьер-министрди шайлоо жана өкмөт курамын бекитүү маселеси каралган.

Буга чейин бардык фракциялар премьер-министрликке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп беришкен. Болочок премьер-министрди Социал-демократтар партиясы сунуштаган.

Буга чейинки премьер-министр Темир Сариев 11-апрелде өкмөт башчылыктан кеткенин жарыялаган.

Түшкө чейин болсо Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кызматын тапшырган. Ал бир тууган агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке көрсөтүлүп жатканына байланыштуу ушундай чечимге келгенин айтты. Мыйзам боюнча бир туугандар бир учурда негизги мамлекеттик бийликтерди башкарууга укугу жок.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->