$ 67.83 - 68.21
€ 75.47 - 76.65

Ысык-Көл районунда эки автоунаа кагышып, 2 жүргүнчү каза болду

192 0

Ысык-Көл районунда 10-апрелде Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолунун 23-чакырымында мамлекеттик номурлуу эки автоунаа кагылышкан. Бул тууралууу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен Ауди-100 автоунаасында болгон 2 жүргүнчү каза болуп, ал эми айдоочусу оор абалда Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирилген. Жол кырсыгы болгон жерге ӨКМнин №31 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, каза болгон адамдардын сөөгүн атайын барган кызматтык автоунаага өткөрүп беришкен.
Булак: http://maralfm.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->