$ 69.02 - 69.25
€ 80.77 - 81.55

Жол курулушуна байланышкан тендер чыры боюнча Жогорку Кеңеште жыйын болбой калды

331 0

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия жол салууга мыйзамсыз жүргүзүлгөн тендерлерге байланыштуу маселе каралмак. Бирок түштөн кийинки убакытка белгиленген жыйын болбой калды. Анткени депутаттык комиссияда жыйын баштала электе тэле талаш-тартыштар орун алды. Депутаттык комиссиянын төрагасы, “Бир бол” фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевдин билдирүүсү боюнча, бул маселени кароо үчүн керектүү документтер жетишсиз болууда. Ошондуктан депутаттык комиссиянын жыйынын кийинкиге, белгисиз убакыт жылдырылды.

Эске салсак, өткөн жылы Кыргызстанда алгачкы жолу мамлекеттик казынадан жолдорду курууга 8 млрд сом бөлгөн. Ал каражат 104 чакырымдык «Балыкчы – Тамчы – Корумду» жолун, «Манас» аэропортунун 23 чакырым жолун калыбына келтирүүгө жумшалмак. Бирок жолду салууга көптөгөн жергиликтүү жана чет өлкөлүк жол куруучу компаниялар катышкан. Бирок жыйынтыгында тендерди аткаруу лицензиясы жок кытайлык «Лонг-Хай» ишканасына тапшырылган.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->