$ 68.04 - 68.29
€ 79.42 - 80.30

Журналистке кол салгандар 2 айга камакка алынды (Видео)

315 0

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту НТС телеканалынын журналисти Азият Жекшеевге кол салып, камерасын талкалап салган үч баланы 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.


Эскерте кетсек, 2-февралда Мукай Элебаев жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде жаңжал чыгып, кафенин жетекчилиги милиция чакырууга аргасыз болгон. Кафеге милиция кызматкерлери менен кошо НТС телеканалынын “ТВ Кайгуул” программасынын оператору Азият Жекшеев да кошо барып, видеого тартып жатканда кафеде ызы-чуу чыгарып жаткандар журналистке кол салып, анын камерасын талкалап салышкан.


Милиция алардын 1995-жылы туулган А.А, 1997-жылы туулган Л.А. жана А.А. экендигин аныкташкан.

Кармоо учурунда алар каршылык көрсөтүп, кызматтык унаанын күзгүзсүн сындырышкан.

Журналист А.Жекшээдин кармалгандарга эч кандай доом жок деп каршы арыз жазганы белгилүү болду.
Булак:teznews.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->